Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен облустагы мугалимдерге гуманитардык жардам берилди.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө облус боюнча 360 мугалимге азык-түлүктөрдүн баштыктары таратылды.

Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин турмуш шарты оор кызматкерлерине, жалгыз бой энелерге, М.Разаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына жана кызматкерлерине «Азык-түлүк баштыкчалары»(5 кг. күрүч, 4 кг.макарон, 2 кг.кумшекер, 2 л.май жана 2 кг.туз) жана коргоочу, антисептикалык каражаттар таркатылды. жалпысынан 165 профсоюз мүчөсүнө жалпы суммасы 145325 сомдук жардам берилди.

Буга чейин Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун демилгеси менен Ош облусунун Ноокат районунун бир катар айылдарында көп балалуу , жаш мугалимдерге азык-түлүктөрдүн баштыктары таратылган Эми Кара-Суу районунун мугалимдерине таратылат.