20-апрелге караган бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында  26 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 7 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. 26 кылмыштын баарынын бети ачылган.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1780 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 2 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 99 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 109 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

“Санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 15 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлдү”,-деди ал.

Ошондой эле Жоробеков жергиликтүү тургундарды үйдөн чыкпоого, мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти жана тазалыкты сактоого чакырды.