Коом

Социалдык жеңилдиктердин мөөнөтү узартылат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче , өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга жана өзгөчө абалга байланыштуу мамлекеттин эсебинен берилген жөлөкпулдар менен жеңилдиктерди төлөө мөөнөтү узартылат. Ага ылайык, жумушсуз отургандарга төлөнүүчү эмгек акы, майыптыгы үчүн төлөнүүчү жөлөкпул, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккандарга төлөнүүчү акча каражаттарын мөөнөтүнө карабай берүү улантылат.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган ассистенттер патентинин, камсыздандыруучу полисинин да жарактуулугу узартылат.
Мындан тышкары асырап бала баккан үй-бүлөлөргө акча төлөөнүн жана майып адамдар үчүн курорттук-санаторийлик мекемелерге берилүүчү жолдомо кагаздардын да мөөнөтү узартылат.

Эске салсак пандемиянын жайылышына жол бербөө максатында өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми 25-марттан тартып оору күчөгөн аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button