Дүйнөлүк эконмика  коронавирус эпидемиясынан улам өтө олуттуу кризис менен бетме-бет келди. Мындай кризисти дүйнө жүзү Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биле элек болчу-дейт Япониянын Тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги.

«Кризистин эл аралык экономикага, ошондой эле Япония экономикасына тийгизген таасири өтө олутуу болот», — деди Мотеги өз сөзүндө.

Япония Өкмөтү кризиске каршы чараларга жумшалуучу чыгашалардын өлчөмүн 117,1 триллион иенге (болжол менен 1,09 триллион долларга) көбөйтүүнү пландоодо. Буга чейин кризиске каршы «пакет» 108 триллион иендин чегинде бекитилген.

Айрым бир япон эксперттери бул сумма жетишсиз жана өлкөдө жумушсуздуктун көлөмү 2,72%га көтөрүлөт, ал эми төртүнчү кварталда мунун өзү бир жыл мурдагыга караганда дээрлик 1,56 млн адамгө көп болот деп билдиришүүдө. Ошентип, кырдаал 2008-2009-жылдар аралыгындагы кризис учурунан алда канча катаал болуусу ыктымал деп жазат Киодо агентчилиги.