Коом

Жээнбеков: Жардам берүүдө «каттоодо жок» деген шылтоо болбосун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаар мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты.

Мамлекет башчысы «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барды. Бул ишкананын базасында борбор калаанын Октябрь районунда жашаган муктаж жарандар үчүн Өкмөт, муниципалитет тараптан жана ишкер чөйрө менен эл аралык фонддордон келип түшкөн гуманитардык жардам таңгакталып, бөлүштүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул сыяктуу борборлор шаардын бардык райондорунда ачылып, жардамга муктаж 85 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөнүн айтты.

Бүгүнкү күндө борбор калаадагы 42 миңден ашык жардамга муктаж үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жашаган Чүй облусунун 2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк топтому менен камсыз болду.

Өкмөт тарабынан 300 тонна ун бөлүндү. Жакынкы мезгилде дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү мерчемделүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул максатта жалпысынан 16 миң азык-түлүк топтому бөлүнүп берилет.

Президент азыркы тапта өлкө боюнча облустардын, райондордун, шаарлардын бардык жетекчилери чоң сыноодон өтүп жаткандыгын айтты.

«Мамлекеттик бийлик органдары үчүн бул — татаал сыноо. Мына ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет. Бишкекте карантиндин алгачкы күндөрү көп мүчүлүштүктөр болду. Азыр кемчиликтер жоюлуп, зарыл иштер ырааты менен жүргүзүлүп жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурдагы абалды туура түшүнүп, тартипти сактап жаткан кыргызстандыктар коронавирустун мындан ары таралышына каршы күрөшкө баа жеткис колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мекендештерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы жардам ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө жана жаранга көрсөтүлүшү керектигин эске салды.

«Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө. Жардам берүүдө „каттоодо жок“ деген шылтоо болбосун. Жардам жарандын жашап жаткан жеринен берилгендей болсун. Муктаждыкка жараша дагы каражаттарды жумшайбыз», — деп айтты Президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button