Чүй облусунун Жайыл районунда коронавирус жуктурган экинчи адам белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 17-апрелде Кара-Балта шаарынын жашоочусу 1988-жылы туулган жарандын анализинен коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.

Вирус аныкталгандан кийин ал Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Учурда ушуну менен бул райондо экинчи адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.