Кыргызстанда дары-дармек дээрлик 20 пайызга дейре кымбаттаганын Фармацевттер бирикмесинин төрагасы Эрнист Асанов бүгүнкү брифингде билдирди.
Анын айтымында, дары-дармекке карата баалардын кымбатташына чек аралардын жабылганы себеп болгон.
Ага улай доллардын курсунун жогорулашы да негизги негизги себеп болгон.
Асанов ишендиргендей, баалары кымбат болсо да өлкөдө дары-дармек жетиштүү.