Тамашоучу, куудул Эмил Токтошев унаасын сатып, акчасына азык-түлүк алып, муктаж үй-бүлөлөргө таратып берди.

Ал 100 үй-бүлөнүн ар бирине бир каптан ун менен азык-түлүк баштыгын тараткан.

«Белекке коюлган автоунааны бир эле адам жеңип албасын деп, азыркы кырдаалга байланыштуу саттык. Жардамга муктаж кожолуктардын тизмесин «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фондунан алдык. Биздин бул аракетибизди гив ойноп жаткан катталуучулар да колдоду»-деди Эмил Токтошев.