Германиянын канцлери Ангела Меркель карантиндик чаралардын жумшарышы тууралуу немис региондорунда болуп жаткан дискуссияларды сынга алып, вакханалия деп атады. Бул тууралуу DPA агентчилиги маалымдаган.

Агентчиликтин билдирүүсү боюнча Христиандык-демократиялык союз өңдүү башкаруучу партиянын дүйшөбү күнү болуп өткөн президиум катышуучуларынын видеоконференциясында Меркель  буга чейин карантин тууралуу өз позициясын билдиргендигин жана анын «этият болуу» зарылдыгы жана чектөөчү чараларын  акырындык менен жумшарттуу тууралуу айткандары «карантинди алып салуу» деген кыяздагы дискуссияларды жаратып, кырдаалды начарлартуу тобокелдиги менен коштолуп жаткандыгына нааразы экендигин айткан.

Өз кезегинде ХДС вице-төрагасы Фолькер Буфье жана Юлия Клёкнер видеоконференцияда соода борборлору менен зоопарктарды ачуу чечими үчүн Рейнланд-Пфальц федералдык аймактардын бийлик өкүлдөрүн сынга алышты.