Азыркы учурда, милициянын көчмө кабылдамалары аймактардын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында, өлкөдөгү киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин эрежелерин сактоосу боюнча кайгуул уюштуруруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды зарылсыз үйдөн чыкпоосуна жана адамдар арасында аралыкты сактоосу, ошондой эле жеке гигиеналык эрежелерин сактоосу боюнча маалымдама беришүүдө. Күнүмдүк иштөө маалында, үн чыгаруучу атайын каражат аркылуу жарандарга кайрылып, карантиндик режимдин тартибин сактоосуна эскертме берүүдө.

Бүгүнкү күндө, милициянын көчмө кабылдамалары – радио байланыш, милиция кызматкерлерине атайын отургуч, видеокөзөмөлдөө каражаттары жана GPSке кошулган копьютерлер менен жабдылган атайын автоунаа булуп саналат. Мындай мобилдүү милиция кезмети, коомдук жайларда, көчөлөрдө, өзгөчө алыскы аймактарда, ИИОнун административдик имаратынан алыс жайгашкан жерлерде кызмат өтөөгө багытталган.

Милиция кызматкерлери жарандарга бардык маселелер боюнча укук бузууларга бөгөт коюуга бардык күчүн жумшоого даяр. Кызмат өтөөнүн мындай түрү, укук бузуучулукту алдын алуу жана бөгөт коюу багытында өзүн жакшы көрсөтө алды. Мобилдүү милициянын көчмө пункту, укуктук мүнөздөгү маалыматтарды жарандарга жеткирип түшүндүрүүгө өзгөчө найтыйжалуу болгондугу байкалды. ИИОнун кызматкерлери, жеринде арыздарды жана кайрылууларды кабыл алып, ошону менен бирге элди укуктук жактан, мыйзамдардын талаптарын маалымдоо максаттары коюлууда. Муну менен бирге, жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу максаты турат. Бир нече жылдан бери милиция көчмө кабылдамалары алыскы болгон аймактарда кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюуу боюнча өз ишин алып бурууда.

2018-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси, Талас жана Нарын облустарына 4 жаңы «Volkswagen Transporter» үлгүсүндөгү авто унааларын милициянын көчмө кабылдамаларына иштөөсүнө беришкен. Ал эми, 2019-жылы өз ара кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына жана анын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы түзүм бөлүмдөрүнө «Toyota Hiace» үлгүсүнөгү 6 автоунаа белекке беришкен. Бул, автоунаа каражаттары максаттуу пайдалануу үчүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен “Милиция көчмө кабылдамалары жөнүндө Жобосу” бекитилген. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына караштуу милициянын көчмө кабылдамасынын жүрүүсүн көзөмөлдөө боюнча атайын Борбор түзүлгөн, алар милициянын көчмө кабылдамаларынын маршруттук жолдорун он-лайн режиминде көзөмөлдөө жүргүзүшөт.

Азыркы учурда, өлкө боюнча 30 милициянын көчмө кабылдамасы иштейт. Ай сайын, алардын аймактарга чыгуусу боюнча ИИОнун жергиликтүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү атайын график түзүлөт. 2019-жыл ичинде өлкө боюнча 3112 жолу аймактарга чыгуу жүргүзүлдү, 8240 жаран кабыл алынды, 2951 кайрылуулар жана арыздар каралып чыкты.

2020-жылдын март жана апрель айында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ар бир унаага 400 литрден күйүүчү май бөлүп берди. Азыркы маалды, милиция көчмө кабылдамалары жарандарды карантиндик эрежелерин сактоо зарылдыгын маалымдоого жана изоляция режиминин талаптарын бузгандарды аныктоого максатталган. Бүгүн, 2020-жылдын 20-апрель күнү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси милициянын көчмө кабылдамасы үчүн республиканын аймагында коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон медициналык коргонуучу каражаттарды тапшырды.

ИИМдин басма сөз кызматы