Бишкек шаардык мэрияга карашттуу мунципиалдык башкармалыгынын айдоочулары чогулуп өкмөткө кайрылышты:

“Урматтуу премьер-министр, урматтуу депутаттар. Биз март айында иштеген айлыгыбызды ала албай, учурда талаада калдык. Балдарыбыз ачка, батирлерибиз төлөнбөй турат.  Биз айлыгыбызды бергиле десек, мэрия акча которо элек деп атышат.

Биз азыр кимге кайрылаарыбызды билбей, сиздерге кайрылып жатабыз. Биздин үй-бүлөнү бага турган башка каражатыбыз жок, маселебизди карап бериңиздер.  Эмгек акыбызды гана сурап жатабыз, башка эч нерсенин кереги жок” — дешти алар”

Булак: Лимон kg