Жакын адамдарынын маалыматына ылайык, Элмирбек Иманалиев көп жылдан бери кант диабети менен ооруп жүргөн.

Өмүр баяны

Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылыгы:

Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Муну көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты борборго алдырган.

1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.

Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык «Сейтек» борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Учурда «Айтыш» коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты.

Ырчы, обончу катары «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» чыгармалары менен белгилүү.

Үй-бүлөсү:

1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп эки кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат аттуу айымга үйлөнгөн, учурда жубайлардын үч баласы бар.

Kadam-media.kg  маалыматтык порталы кайталангыс таланттын үй-бүлөсүнө, жакындарына көнүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.