Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 114 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 91,

Жалал-Абад шаары боюнча – 3,

Ош шаары боюнча – 6,

Нарын шаары – 8,

Ат-Башы району боюнча –5,

Сузак району боюнча – 1.

Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3084 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.