Коом

Кант: коронавирустан каза болгон бейтапты караган дарыгерлер изоляцияга алынды

Кечээ, 20-апрелде Кант шаарында вирус жуктурган 70 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу Турмуш сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, анда вирус бар экендиги каза болгондон кийин такталып, сөөгүн ооруканадан жакындары алып кетишти.

«Негизи өзүнүн өтүшүп кеткен оорусу бар экен. Бирок вирус дагы жуккан. Ал ооруп каза болгондон кийин вирус бар экени аныкталды. Учурда Кант шаардык ооруканасында медицина кызматкерлерин изоляцияга алышты», — деп айтылат маалыматта.

Кант шаардык ооруканасындагы дарыгерлердин айтымында, алар изоляцияга алынып, тапшырган анализдери таза чыкты.

«Ал киши бизге оор абалда келген. Келген соң 3 мүнөттөн соң каза болду. Бизге кант диабети менен келген болчу», — дешти дарыгерлер.

Буга чейин 2-апрелде Кант шаарында 22 жаштагы жигиттен биринчи жолу вирус аныкталганы кабарланган. Ал Москвадан келери менен аэропорттон обсервацияга алынган болчу.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 568 адамга жеткен. Акыркы суткада 68 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, Чүй облусунда аял киши (70 жашта), Ош шаарында эркек киши (79 жашта) каза болгон. Жалпысынан республикада COVID-19 вирусу аныкталган 7 адам көз жумду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button