20-апрелден 21сине караган түнү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев оорудан улам кайтыш болгон. Акындын сөөгү эртең, 22-апрелде жерге бериле турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди. «Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртең, 22-апрелде саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз», — деп билдирүү калтырды Муканов.

Эске салсак, кант диабети оорусуна байланыштуу каза болду.

Алп акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевди эртең, 22-апрелде саат 10.00дө Туңгуч кич районунда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Жакындарынын билдирүүсүндө Элмирбек Иманалиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.