Азыркы премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев отставкага кетет экен деген маалымат чыгаары менен ал маалыматты болушунча күчөткөнгө аракет кылган депутат Акылбек Жапаров биринчилерден болуп ал орунга өзүн көргөзүп жиберген.

Ордунда отурган Өкмөт башчынын ордун талашканын коргон Кочкорлуктар Акылбек Жапаровду ашата сөгүп, «Эл тойсо да ушул тойбойт, ач өзөк, ичкич, жегич. Учурунда Усубалиев аксакалдын каргышына калган, эми Абылгазиевге бут тосуп жатат. Андан көрө финансы министрлиги алдындагы «мамлекеттик өнүктүрүү фондунан» алып алган 200 миллион сомун мамлекетке ушундай оор кырдаалда кайтарсын, болбосо Кочкорго киргизбейбиз» деп катуу нааразы болуп жатышат.

Ал ортодо Кочкордун аттуу баштуу чыгаандары жакын арада чогулуп, Акылбек Жапаровду ары же бери кылганы турушат…