Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарындагы Аламүдүн суусунан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маалым болгондой, 12-кичи районундагы Аламүдүн суусунда азият улутундагы 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн ӨКМ кызматкерлери суудан чыгарган. Ал эми маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.