Учурда Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “Коронавирус” илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, алдын алуу максатында “Өзгөчө абал” тартиби киргизилген Бишкек шаарынын аймагында санитардык-карантиндик блок-посттордо жана ички филтрациондук посттордо күнү-түнү кызмат өтөп жатышат.

“Өзгөчө абал” тартиби киргизилген аймакта жарандардын жана унаалардын кыймылынын себептерин текшерүү жүргүзүү менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшүүдө, ошондой эле кызматкерлер тарабынын тамак-аш, медициналык коргонуучу каражаттар, кийим-кече ж.б. күнүмдүк колдонулуучу товарларды, жарандарыбыз муктаж болгон жүктөрдү ташып жаткан унаалардын кыймылын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздап көзөмөлгө алышууда.

“Өзгөчө абал” тартиби киргизилгенден бери милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга, унааны спирт ичимдигин ичип алып башкарган, тиешелүү документтери жок башкарган, алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылатып алып башкарган үчүн бузуулар тууралуу протоколдор түзүү уланууда.

Ошондой эле, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери 102 ыкчам чара көрүү борборуна келип түшкөн кайрылуулар тейлөө иштерин улантып, коомдук коопсуздукту сактабаган, “Өзгөчө абал” тартибин бузган жарандарды аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирүү жүргүзүлүүдө. “Өзгөчө абал” тартиби киргизилгенден бери Бишкек шаарынын аймагында илдети жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча, айдоочуларга, жүргүнчүлөрүнө жана башка жөө жүргөн жарандарыбызга “Өзгөчө абал” тартибинин талаптарын жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын мобилдик топтору өз ишин үзүрлүү алып барууда. Алар маршруттук баракчаларды текшерүү менен бирге себепсиз, өз кызыкчылыгын көздөп башкарып жүргөн унааларды аныктап атайын унаа токтотуучу жайларга киргизүүдө.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери кечки саат 21.00 тартып эртең мененки саат 06.00 гө чейин “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузган жарандарды ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жеткирип, автоунааларды атайын токтотулуучу жайга киргизүүдө.

Өлкө аймагында ички иштер органдары киргизилген “Өзгөчө абал” жана “Өзгөчө кырдаал” тартибинде кызмат өтөөдө. Ал эми бузуулар тууралуу айыптар жокко чыгарылган жок. Жарандарыбыздын жол кыймылынын эрежелеринин бузгандыктары тууралуу токтомдор “Өзгөчө кырдаал” жана “Өзгөчө абал” тартиби киргенге чейин эле унаа ээлерине жеткирилгендиги жана мыйзамга ылайык аларды төлөш керек экендигин белгилейбиз. Айыптардын бардыгы өз убагында төлөшкөн жок. Айыптары көбөйүп кеткен автоунаалар менен азыр да шаарды аралап жүргөндөр жок эмес. Ал айыптар бир жаранга бирөө же экөө эмес, андан да көп болуп кеткендигине байланыштуу ал автоунааларды атайын коюлуучу жайларга киргизүү иш-чаралары көрүлө тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол коопсуздугунун эрежелерин бузбоого чакырат.

Ошондой эле эч себеби жок үйдөн чыкпоону сунуштайт жана суранат, үйдө отуруу менен Сиз бизге чоң жардам көрсөтөсүз!

Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз борбору