Баткен районунун демилгечил жаштары биригип, аталган райондун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар 24 үй бүлөгө азык түлүк таратышты.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жаштар жергиликтүү бийлик жана айыл эли менен макулдашып, чыныгы муктаж жарандарды аныктап, жардамдарын алардын үйлөрүнө жеткирип беришти.