Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык мигранттар үчүн бир нече жумуш орундарынын тизмесин жарыялады.

Элчи Аликбек Жекшенкулов билдиргендей, кызматкерлерди талап кылган жумуш орундары Москвада жана бир нече район, шаарларда жайгашкан:

Москва шаары

Зеленоград аймагы кийим үтүктөөчү эркектер жана аялдар керек. Талабы: орус тилин билүүсү. Иштөө графиги: 2/2. Эмгек акысы: 30 миң рубль. Турак жай менен камсыздалат. Байланыш телефону: +79037202693;

Плитка, армстронг, шыбак боюнча мастер. Өзүнүн курал-жарагы барларга артыкчылык каралган. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша жума сайын берилет. Турак жайы менен камсыздалат. Телефону: +79852333920;

Метро Отрадное жана Алтуфьеводо орус тилин билген, иш тажрыйбасы, паспорт, медициналык китепчеси жана каттоосу бар жарандарга дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль; Телефону: +79262230797;

Дүкөндү жууп, тазалоого (Нагатинская, Шипиловская, Домодедовская, Коломенская метролору) жумушчулар чакырылат. Маянасы — 40 миң рубль. Телефону: +79262230797;

Митино метросунда дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль. Телефону: +789262230797;

Волгоградский проспект метросунда жууп, тазалоо иштери, айлык акысы — 47 миң рубль. Телефону: +789262230797.

Санкт-Петербург шаары

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр тестирлөө жана медициналык кароодон өтүп жумушка кабыл алынат. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша айына эки жолу берилет. Түшкү тамагы бекер, жумушчу жашаган жеринин 30 пайызын төлөйт. Телефону: +79059767761;

Курск облусунун Железногорск шаары

Тажрыйбасы бар 100 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт. Айлыгы 50 миң рублга чейин. Телефону: +79059767761;

Ростов облусу, Шахты шаары

Тажрыйбасы бар 300 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 5/2, айлыгы 35 миң рублга чейин. Телефону: +79059767761;

Алтай крайынын Барнаул шаары

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт, маянасы 60 миң рублга чейин. Телефону: +79609452742;

Пушкин облусунун ВДНХ метросу

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр керек, иш графигине жараша күнүнө 2200 рубль эмгек акы төлөнөт. Телефону: +79670948777;

Смоленск шаары

Гипсокартон менен иштегенди билген, вентиляция мастери талап кылынат.

Күнүнө 12 саат иштейт, кызмат акысы күн сайын 2500 рублдан берилет. Үч жолку тамак-ашы жана турак жайы бекер. Телефону: +79268582182, +7962987687;

Троицк шаары

Жуунучу кабина, унитаз, раковина жасоо иштерине эркектер талап кылынат. Эмгек акы жумуш көлөмүнө жараша төлөнөт. Телефону: 89263111990.

Мындан сырткары, жумушка байланыштуу маселелер менен КРдин Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн Facebook баракчасынан жана элчиликтин www.elchi.ru расмий блогунан таанышууга болот.
Маалымат телефондору: +7(901)7061356, +7(901)7611196, +7(980)0780332, +7(977)5973703.

Ал эми азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча кыргызстандыктар элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрыла алат.

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 – WhatsApp;
  • +7 (925) 387 45 97 – WhatsApp;
  • +7 925 103 29 11 – WhatsApp.