Коом

Мигранттарга ортомчу сайттар алдоо жолу менен авиабилет сатууда

Россиялык да эмес , кыргызстандык да эмес авиакомпанияларга тиешеси жок ортомчу сайттар мекенине кайткысы келген кыргыз жарандарын алдап, аларга электрондук билет сатууну улантууда.

Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, “Каттам жок болгондуктан Кыргызстандын жарандары уча албайт, мурда сатып алган билеттеринин акчасын да кайтарып ала албайт. Себеби ал ортомчу сайттардын кардарларды колдоо кызматы жок, операторлору менен да байланыштуу мүмкүн эмес” дейт элчилик. Жүрүп жаткан коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү пандемиядан улам Кыргызстан менен Орусиянын аба, темир жол жана автомобилдик каттамы азырынча жабык экени, бул убактылуу чектөө дагы узартылышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Элчиликтин коронавируска каршы штабы жарандарды зарыл болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышка чыгып, маалыматты тактап алса болорун билдирди:

«Аэрофлот» 8 800 444 55 55, +7 495 223 55 55, «S7 Airlines» 8 800 700 07 07, «Уральские авиалинии» 8 800 77 00 262, +7 499 920 22 52, «Авиатраффик» +7 925 750 81 41, +7 967 036 48 35. Мындан тышкары штабдын Call-борборуна да байланышса болот: +7 (499) 237 43 01; +7 (499) 237 44 61; +7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап); +7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап); +7 925 103 29 11 – мобилдик (вотсап).

Эскерте кетсек, өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, учурда дагы 4371 жаран , анын ичинде Оруссиядан 2 миңдей адам келе албай жатканын айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button