Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусундагы Москва районуна барып, дыйкандар менен маектешти.

«Биз баарыбыз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биздин өлкө кандай кыйынчылыктарга туш болгонуна күбө болдук. Саламаттыкты сактоо системасынын дараметинин начардыгынан тышкары, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучун сездик. Ошондуктан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин алгачкы күндөрүнөн баштап, мен жазгы-талаа иштерин тиешелүү деңгээлде жана мөөнөтүндө жүргүзүү үчүн сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын койдум», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, келип чыккан бардык суроолор Республикалык штабдын ишинин алкагында ыкчам тартипте чечилиши кажет. Ал эми дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керек.

«Өлкө азык-түлүктүн ири көлөмү менен өзүн өзү камсыздашы керектиги бардыгыбыз үчүн айкын болуп калды. Айыл чарбасына мамиле жасоону өзгөртүүгө убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Бул биздин ишибиздеги башкы артыкчылыктардын бири болуп калуусу шарт. Дагы бир ирет баса белгилей кетким келет, өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы-талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел. Калктын азык-түлүк менен камсыз болушу, мамлекетти чыңдоо жана анын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин эмгектен мурда болуп көрбөгөндөй көз каранды. Биз топтолгон бүтүндөй тажрыйбаны, дараметибизди жана мүмкүндүктөрдү туура пайдаланууга тийишпиз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө зарыл шарттарды түзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.