Өткөн суткада Жалал-Абад облусунун аймагында 18 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 3 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 123 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 129 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 3 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлгөн.