Коронавирустан улам бир миңден ашык чет өлкөлүк жаран абактан бошотулган. Бул тууралуу Иран сот кызматынын расмий өкүлү Голямхосейн Эсмаили: -«Абакта жаткан жүз миң адамдын эркиндикке чыгуусу менен бирге бир миңден ашык чет өлкөлүк жаран дагы эркиндикке чыгарылды»-деп билдирген.

Эске сала кетсек, Иран президенти Хасан Роухани буга чейин абакта жаткандарды боштуу үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен тартып 20-майына чейин узартылаары тууралуу чечим кабыл алынгандыгы тууралуу айткан.

Бийликтин билдирүүсү боюнча  абактан чыгарылгандар — бул коомго коркунуч жаратпоочу адамдар.

Бүгүнкү күнү Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны – 83,5 миң адам, алардын ичинен 5,2 миң адам каза болгон. Ошол эле учурда 60 миң адам айыгып чыккан.