Учурда, Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “Өзгөчө абал” тартиби киргизилген аймакта жарандын жана унаалардын кыймылынын  себептерин текшерүү жүргүзүү менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн  тартипте иш жүргүзүшүүдө, ошондой эле  кызматкерлер тарабынын тамак-аш, медициналык коргонуучу каражаттар, кийим-кече ж.б. күнүмдүк колдонулуучу товарларды, жарандарыбыз муктаж болгон жүктөрдү ташып жаткан унаалардын кыймылын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздап көзөмөлгө алышууда. 

“Өзгөчө абал” тартиби киргизилгенден бери милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулар, унааны спирт ичимдигин ичип алып башкарган, тиешелүү документтери жок, алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылаткан жарандарга протокол түзүлүүдө.
Ошону менен бирге, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери  кечки саат 21.00 тартып эртең мененки саат 06.00 гө чейин “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузган жарандарды  ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жеткирип, автоунааларды атайын токтотулуучу жайга киргизүүдө.
Ички иштер  органдары киргизилген “Өзгөчө абал” жана “Өзгөчө кырдаал” тартибинде кызмат өтөөдө. Жарандарыбыздын жол кыймылынын эрежелеринин бузгандыктары тууралуу токтомдор “Өзгөчө кырдаал” жана “Өзгөчө абал” тартиби киргенге чейин эле унаа ээлерине жеткирилгендиги жана мыйзамга ылайык аларды төлөш керек экендигин белгилейбиз. Айыптардын бардыгы өз  убагында төлөшкөн жок. Айыптары көбөйүп кеткен автоунаалар менен азыр да шаарды аралап жүргөндөр жок эмес. Ал айыптар бир жаранга бирөө же экөө эмес, андан да көп болуп кеткендигине байланыштуу ал автоунааларды атайын коюлуучу жайларга киргизүү иш-чаралары көрүлө тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол коопсуздугунун эрежелерин бузбоого чакырат. Ошондой эле эч себеби жок үйдөн чыкпоону сунуштайт жана суранат, үйдө отуруу менен Сиз бизге чоң жардам көрсөтөсүз!