Коом

Ош: ун таңкыстыгы болбойт

Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кара-Суу Дан азык» ун комбинаты тарабынан Өкмөттүн материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн 2500 тонна ун өндүрүп таратуу жыйынтыкталды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстан боюнча 5000 тонна буудай бөлүнсө, анын 50%ы ушул комбинат аркылуу тартылып даярдалып таратылды.

Ош облусуна 1325 т, Ош шаарына 130 т, Жалал- Абад облусуна 335 т , Баткен облусуна -585 т бөлүштүрүп берилди.

1-апрелден баштап 20-апрелге чейин комбинат дем алышсыз, 2 нөөмөт менен иштеп жатышат. Бул ундар Ош облусунда 26 миң, Ош шаарында 10 миң уй бүлөлөргө жардам катары таратылды. Аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Исраиловдун билдирүүсүнө таянсак, 21-апрелден баштап, жеке тараптарга ун сатыкка чыга баштайт. 1 кг 31 сомдон туура келет. Андыктан, ун танкыстыгы болбойт деп ишендирди ишканадан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button