12 милиция кызматкери коронавируска шектелүүдө

Бишкекте 12 милиция кызматкери коронавируска шектелип жатат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Учурда алар обсерваторияга алынган-алынбаганы такталууда.

Бул маалыматты ИИМдин маалымат кызматы да тастыктады.

“Баардыгы текшерүүдөн өткөрүлдү. Биринчи тесттер терс натыйжасын көрсөттү. Алардан кайталанган тесттер он күндүн ичинде алынат. Милиция кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө », – деп кошумчалады Ички иштер министрлигинен.

«