Коом

Адамзат менен табият орун алмаштыбы?

Коронавирустан улам дүйнөдө көп өлкөлөрдө карантин жарыяланды. Планета эс алууда деген оюн көптөгөн адистер айтууда.

Чындыгында, учактар учпай, автоунаалар көп каттабай, завод фабрика иштебейт. Туристтик жайларга туристтер келбей, көптөгөн жапайы жаныбарлар чоң шаарларда тамак издеп, көчөдө жүргөнүн көрүүгө болот.

Өзгөчө Япония,Таиланд, Индия, Австралия жана Израиль өлкөлөрүндө байкалууда. Мындай жагдай алгач Венецияда ак куулар менен дельфиндердин келүүсү менен башталган. Ал эми Индияда буга чейин 30 жыл көрүнбөй жүргөн жандык циветти көрүүгө болот.

Айрым интернет колдонуучулар мындай жагдайды кудум адамзат менен табият орун алмашкандай, биз адамдар үйдө камалып, жаныбарлар ээн эркин көчөдө сейилдеп жүрөт. Мурда биз аларды зоопаркта тосмолордун ичинде көрсөк азыр алар тескерисинче бизди үйгө камалган кейпибизди көрүп жатат деп жазып калтырышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button