Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана аларды колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда муктаж жарандарга даректүү жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер өзгөчө көзөмөл алдына болушу керектигин эске салды жана бул багытта иштерди күчөтүүгө чакырды.

Ошондой эле түзүлгөн кырдаалда көбүрөөк жардамга муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарды социалдык жактан коргоону талаптагыдай камсыз кылууга көңүл бурду.

Мамлекет башчысы бардык муктаж жарандарды гуманитардык жардамдар менен камсыздоо боюнча иштерди тездетүү, ага тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы координацияны күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге платформалар аркылуу, анын ичинде заманбап санарип технологияларды колдонуу менен муктаж жарандар менен кайтарым байланышты күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында жарандарды социалдык жактан коргоо системасы болушунча ийкемдүү болушу керектигин баса белгилөө менен, айрым калктуу пункттарга социалдык төлөмдөр өз маалында жеткирилбегени жөнүндө маалыматтарга көңүл бурду. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында мамлекеттик социалдык кепилдиктерди алуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү  сунуш кылды. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров республика боюнча 490 миң жаран ар кандай социалдык төлөмдөрдү аларын билдирди.

Бүгүнкү күндө бардык суммалар каржыланган, төлөмдөр боюнча карыздар жок.

Улукбек Кочкоров аз камсыз болгон  жана кыйынчылык тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында «1227» тынымсыз телефону иштетилип, аны менен күнүгө 30 миңге жакын кайрылуулар болуп жатканын баса белгиледи.

Мындан сырткары, жарандар жардам боюнча кайрыла ала тургандай 1227.tunduk.kg онлайн платформасы түзүлгөн.

Министр келип түшкөн кайрылууларга ылайык тизме түзүлүп, андан ары жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө  жиберилип жатканын белгиледи.

Бул системалар аркылуу бүгүнкү күндө 393 миң арыз келген, анын 225 миңи канааттандырылган