Бишкек- Кара-Балта жолу менен премьер министр М. Абылгазиев таанышты

Чүй облусуна болгон иш сапарында премьер министр Абылгазиев Кара-Балта- Бишкек жолунун эң татаал деген жерлери карантин кезинде бүткөрүлгөнү жакшы, болбосо кыймыл көп болуп, иштегенге тоскоолдук кылат, – деп билдирди.

Өкмөттүн пресс кызматынан билдиришинче бүгүн премьер Чүй облусун кыдырып, андагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан.

Учурда Бишкек- Кара-Балта жолунун курулуш иштери 31,6 млн долларга туруп, 41,5 чакырым узундуктагы жолдун 45% бүткөрүлгөн.

“Азыр акырындан мурунку башталган проектилерге кайрылуу керек. Карантинге байланыштуу азыр жолдо кыймыл аз. Эртең карантин бүткөндө унаа көбөйүп, иштөөгө тоскоолдук жаралат. Стратегиялык жолду бүткөрүүгө бизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар”- деп билдирет премьер министр.