Кыргызстанда дистанттык окутуунун башталышы менен Ысык-Көл облусу боюнча атайын мониторинг жүргүзүлүп, 502 үй-бүлөнүн телевизорго муктаж экендиги аныкталган.

Райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул көйгөй чечилип, жалпы 496 үй-бүлө сыналгылуу болду.

Биринчи кезекте мектеп, бала бакчалардагы телевизорлор муктаж үй-бүлөлөргө пайдаланууга берилди. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча телевизорлорун убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышты. Ошондой эле айрымдардын бузук телевизорлору оңдолуп берилди.

Мындан сырткары Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү муктаж окуучуларга 15 телефон белекке берди. “Сен жалгыз эмессиң” демилгеси аркылуу 9 телефон жана 1 планшет элден чогултулуп, муктаж окуучуларга жеткирилип берүүгө даярдалууда. Учурда телефону жокторго жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан бери шаар, район, айылдарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы