Баткен облусуна материалдык резервдер фондунан  585,5т ун  бөлүнгөн.

Анын 104,4 т Лейлек районуна, 218,05 т Баткен районуна, 12,8 т Сүлүктү шаарына, 30 т Баткен шаарына, 20,85 т Кызыл-Кыя шаарына таратылып бүтүп, бүгүн  199,4 т Кадамжай районунда таркатылууда.

Материалдык резервден келген ун облустагы 11710 муктаж үй бүлөгө таркатылып, аны район шаарларда түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алды.

Мамлекет тарабынан акысыз таркатылып жаткан бул жардам, коронавирус оорусуна байланыштуу, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал убагында, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн азык түлүккө болгон муктаждыгын жеңилдетүү болуп саналат.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы