Эрте менен группадан Элмирбектин сүрөтүн коюп, анан «эрте өлөөрүн билгендей эле ырдаган экен» деген клип келгенде, «Калмураттын ырларына Элмирбектин сүрөтүн коюп коюшканы эмнеси» деп толук ачпай жаап салгам. Обондуу ырлар Элмирбектин ырлары экенин туюп, бирок негедир коркуп, шашып жапкам. Анан эле жакын таанышым чалып, «Иманалиев Элмирбек каза болуптур» десе «эмнеге каза болот, дөөрүбөчү» деп кагып өчүрүп салдым да жанатан бери моюндагым келбей жаткан суук кабардын чын экенин аңдагансыдым. Жүрөгүм тамырын шашпай жулуп жаткандай ушундай бир сыздап ооруп, «неге каза болот, кантип каза болот, ошол кантип болсун» деп сүйлөнүп жаттым. Анан жан курбум Сайрагүл Дуулатовага жөнөдүм. Алдастаган кыялымда «Саку билет, бул жалган эле сөз го, ошол билет» деп шашып жөнөдүм. Бул суук кабарды жокко чыгарчудай ашыктым. Комузу шаңшыган, добушу таңшыган булбулду ажалга ыраа көрбөй апкаарыдым. Тоо ураса топурак менен түптөлөт, көл чайпалса шамал тынчтанса токтолот, дүйнөнүн үшүн алган вирусуң деле дарысы табылса айыгат, атаганат, Элмирбектин ордун эмне толуктайт деп сапырылдым.

Кусалуу, акылгөй ойлор, эл деп тынчсызданган санаа түнөгөн көздөрүн эми эч ким көрбөй калабы!? Назик эркелетүү, купуя таарыныч, орду толбогон өксүк жанаша жүргөн поэзиясын эми эч окубайбы!?

Коңур, салмактуу үн менен жүрөгү кошо кагып окуган ыр саптарын эми эч ким укпайбы!?

Комузунда добушу, добушунда комузу жашаган, нөшөр болуп төгүлүп, толкун болуп сөгүлүп, өзүн өзү аскага урган бүркүттөй ала салып коңторулган төкмөнү алса эле тешиги бүтөлүп калчудай бу ажалдын абийир ары жок экен деп иренжип бараттым. Сайрагүлдүн үйүндө аяш энем да бар экен. Демейде кебелбеген аяш энем, «өлбөй кал Элмирбек, ырдап эле жүрө бербейсиңби уулум» деп кейип, айтыштардын көрүп отуруптур.

«Өлгөндүн арты сен болуп, сен өлсөң башка өлбөй калчудай ашыкпай жашап жүрө турбайт белең» деп Сайрагүл Дуулатова көзү шишип отуруптур. Эбелектей акын кыз Ырысгүл Изатовага чалсам сөзгө келе албай өпкөсү көөп ыйлап, ыйлап жатып да ырларын лентага улам жарыялап жатыптыр. Ошондо Элмирбектин тек гана пенделик жашоосу бүтүп, түбөлүк залкар жашоосу башталганын түшүндүм. Ал аяш энемдей энелердин, Ырысгүлдөй акын кыздардын, бизге окшогон сөз баккан журналисттердин дүйнөсүндө калганын аңдадым.

Элмирбекти бир да жолу жакындан көрүп сүйлөшкөн эмесмин. Бирок булбул таңшык үнүнө жайдары келбети дал келген акындын дүйнөсүнө дүйнөм жанаша жүрчү. Ар бир айтышын кошо аралашып укчумун. Кабагы ырдын ыргагына жараша өзгөрүп, өзү менен айтышкан сулууну ансайын сулуу, талантты ансайын таланттуу кылып коштоп, байкатпай сүрөп, өзүнүн ырына кошуп шеригин ырын шөкөттөп жибергенине куштарланчумун.

Токтогул району чыкса өзүм барып дил маек алам деп ниет кылып, ал тургай суроолорумду камдап жүргөм. Шум ажал озунуп алып кетти. Маектешкенге үлгүрбөй калдым, кечир иним.

Албетте ушундай жанды менден мурун далайы жазды, далайы маектешти, сырдашты, эл менен бөлүштү.

Элмирбек менин маегиме муктаж эмес болчу, бирок мен, мени менен кошо Келкел kg нин окурмандары муктаж эле.

Эми Токтогулдай, сендей нөшөр сөздүү уулдарды тарбиялаган Токтогул району сенсиз, сени менен болгон жандуу маекти эмес өксүк коштогон эскерүү менен чыгат.

Сен өлгөн жоксуң, ырларыңа, нөшөр сөздөрүңө сиңип кетип, биз сенсиз калдык Элмирбек!

Айжаркын Эргешова, акын, Келкел kg журналынын негиздөөчусу