Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган кыргызстандыктарды алып келинерин маалымдады.

Министрликтин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, ириде өтө муктаж жарандар алынып келинет.

Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетүү үчүн келе турган учак ал жактагы кыргызстандык мигранттарды ала келмекчи.

Кырдаалдан улам мекенине кетүүгө камынып учак билеттерин сатып алган мигранттар каттам токтогондуктан келе албай калышкан.

Буга чейин кыргыз бийлиги Түркиядагы мекендештерди алып келген. Дубайдагы мигранттарды алып келүү чаралары көрүлүүдө.

ТИМдин маалыматына ылайык, дүйнөнүн 42 өлкөсүндө Кыргызстандын жарандары бар.

.