Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 83 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 59,

Жалал-Абад шаары боюнча – 7,

Ош шаары боюнча – 7,

Нарын шаары – 2,

Ат-Башы району боюнча –3,

Сузак району боюнча – 5.

Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3167 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы