Ушул тапта Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталууда.

Коштошуу зыйнаты маркумдун Тунгуч кичи районундагы үйүндө өтүүдө.

Президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов, депутат Садык Шер, Рыскелди Момбеков баштаган жетекчилер, депутаттар, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Учурдагы кырдаалга карабай залкар менен коштошууга келгендердин катары калың.

20-апрелде талантуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев 42 жашында дүйнө салды.