Коом
Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди. Фото
Бүгүн, 22-апрелде кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Маркум менен коштошууга 200дөй киши катышты.
Залкар талантты кыргыз эли кырдаалга байланыштуу түз эфирде узатышты.
20-апрелде талантуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев 42 жашында дүйнө салган.