Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, алардын баары ооруканада дарыланып жатышат.

Алардын бири азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө..

Иликтөөнүн жыйынтыгында тартип сакчылары коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталган.