Султан Раев, президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси:

-Бүгүн биз кыргыздын ак сөөктөрүнүн бирин узатып жатабыз. Бүгүн биз Кетбуканы, бүгүн биз Алыкулду, бүгүн биз Тыныбекти, бүгүн биз Саякбайды, Сагымбайды, бүгүн биз Жеңижокту, Барпыны, Токтогулду, Эстебести акыркы сапарга узатып жатабыз. Анткени Элмирбек ушул нарктуулукту алып жүрүүчү, көкүрөгү кыргыз деп соккон жигиттердин бири эле. Чынында биз бүгүн залкарлардын жолун улап келаткан акыркы талантты акыркы сапарга узатып жатабыз.

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты:

-Кыргыздын намысына жаралган Элмирбек Иманалиев 70ке чыкса болбойт беле. Эл менен анын тоюнда башына суусар тебетей кийгизип мактап, даңктап турсак болбойт беле. Болгон өнөрдү өзүнө сиңирип алган улуу адамдан айрылып отурабыз. Билген кишиге улуу көчтү улаган улуу кишиден айрылып, кыргыздын кабыргасы кайышып отурат. Аз жашаса да саз жашаган уулубуз өзү окшогон Эшмамбет, Токтогул, Тууганбай сыяктуу аталарыбызга аттанды.

Таалай Керималиев досу:

— Көпчүлүктө Элмирбек Иманалиев эмнеден каза болду деген суроо жаралып жатат. Элмирбек 30 жылдан бери эл тартып келе жаткан кайгыдан өлдү. Элмирбек бийлик, мансап үчүн өлгөн жок. Ал ошол бийлик, мансап үчүн бири-бирин сатып элин, сатып жерин сатып жүргөндөрдүн азабынан өлдү. Ал 15 күнгө жеткидей акчасы жок, 5 килограмм ун келсе энесин көргөндөй сүйүнгөн элдин көз жашынан өлдү. Досум Кыргыздын бактысына бир жаралган инсан болчу. Биз анын өзүн көрүп, ырларын уккандыктан аны Токтогулдан да артык көрчүбүз, ал биздин жүрөгүбүздө улук бойдон калат.

Жеңишбек Жумакадыр, досу:

-Ким Элмирбекти көрсө Токтогулду, Ниязалыны көрдүм десе жаңылышпайт. Элмирбек досум өлгөн жок. Ал жашай берет. Алыстан бизден бекиндиң, досум, Арманга салып эзилдиң, досум. Айтышарга жанымда сен жок. Азыр мен билсең жетиммин, досум…

Айдарбек Иманалиев, бир тууган агасы:

-Калкым, Элмирбек иним адамдар баары кетүүчү өлүмгө сунуп кетип жатат. Элмирбегим бул жашоодо аз жашаса да, саз жашады. Элдин арасында, жоро жолдошторуңдун арасында дайыма элесиң эсте болот. Кош иним, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.