![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/04/1569402903_0_170_3037_1878_600x0_80_0_0_837eecedefd5aae660e154fbc607dda9.jpg)
Коом
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар азаюуда
”Күндөн күнгө COVID-19 вирусунан айыккандардын саны көбөйүп, илдетке чалдыккандардын саны азаюуда”, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Бүгүнкү күнгө карата катталган учурлардын жалпы санынан сакайып чыккандардын саны 41,5%ды түздү.
Жалпы 612 адам коронавирус жуктуруп алган болсо, алардын 254ү айыккан.