Дональд Трамп жаңы коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШга болгон мыйзамдуу иммигарцияларды убактылуу токтотот.

Инфекцияны «көзгө көрүнбөгөн жоо», ал эми эпидемияны «капыстан кол салуу» — деп атоо менен Трамп өзүнүн  Twitter баракчасына»Бириккен  Штаттарга карата болуучу иммиграцияларды токтото туруу жөнүндө жарлыкка кол коёору» — тууралуу билдирген. 

Ошондой эле, Американын президенти бул чечимин «Американын сүйүктүү жарандары үчүн жумушчу орундарын сактап калуу зарылчылыгы» деп атаган.

Жарлыкка качан кол коюлуп, качан күчүнө кирери тууралуу азырынча айтыла элек.

Жон Хопкинс университетинин эсептөөлөрүнө ылайык АКШда бардыгы болуп 786 миң адамга коронавирус жукуп, 42 миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышкан.