Иран өзүнүн биринчи аскерий спутнигин орбитага ийгиликтүү учура алды. Бул тууралуу Tasnim агенттиги билдирген.
Анын билдирүүсү боюнча «Нур» деген аталыштагы спутник шаршемби күнү эртең менен эки баскычтуу «Касед» («Элчи-өкүл») ракета-алып жүрүүчүнүн жардамы аркасында 425 километрдик орбитага чыгарылган.
Спутникти орбитага чыгаруу иштери Ислам революцияларынын коргоочуларынын корпусу тарабынан өткөрүлгөн.