Бүгүн, 22-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларынын келишимдик негизде окуп жаткан студенттеринин контракт акысын кайра карап чыгуу сунушталганын билдирди.

Мындай сунуш студенттер пандемияга байланыштуу аралыктан окуу ыкмасына өткөндүктөн кайрылуулар түшүп жатканынан улам берилген.

Билим берүү жана илим министрлигине жолдонгон жазуу түрүндөгү сунушта акы төлөнүүчү окутуу кызматтарынын түзүмүнө көңүл буруп, зарыл болсо чыныгы чыгымдарга жараша кайра эсептөө керектиги айтылган.

Эске салсак, өлкөдө илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында 30-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, мекеме-ишканалар сыяктуу бардык окуу жайлары да убактылуу жабылган. Окуучулар жана студенттер 8-апрелден бери дистанттык негизде окуп жатышат.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 3-апрелде «Мүмкүн болушунча ар бир окуу жайы социалдык пакет жасап, пайыздык өлчөмдө жеңилдик берсин же төлөм мөөнөтүн узартып берсин деп тапшырма бердик»- деп билдирген.