Бүгүн Орусиянын Новосибирск шаарынан келе турган 176 жаран жана Түркиядан 24-апрелде келе турган 350 кыргызстандык жарандардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдагандай, Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.kg сайтында Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу кеңири маалымат бар интерактивдик карта иштеп баштады. Облустар, райондор, обсервация жайлары, стационарлар боюнча сандык маалыматтарды көрүүгө болот. Мындан тышкары сайтта келип түшкөн гуманитардык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча толук маалымат бар.