Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан келе турган жарандарыбызга толук даярдык көрүлүүсү керек.

«Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек», – деди Боронов

Белгилей кетсек, бүгүн Новосибирск шаарынан аба каттамы аркылуу 176 жаран келээри күтүлүүдө. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы аркылуу 350 мекендешибиз келээри күтүлүп жатат. Келген жарандар Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдагандай, Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.kg сайтында Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу кеңири маалымат бар интерактивдик карта иштеп баштады. Облустар, райондор, обсервация жайлары, стационарлар боюнча сандык маалыматтарды көрүүгө болот. Мындан тышкары сайтта келип түшкөн гуманитардык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча толук маалымат бар.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга, саламаттык сактоо мекемелерин тийиштүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздоого, ошондой эле байланышта болгон адамдар менен иштешүүнү сапаттуу жүргүзүүгө көзөмөл жасоо тапшырмасы берилди.