Кытай Эл Республикасынын Австралиядагы элчилигинин өкүлү: «Австралиялык саясатчылар америкалык бийликке улай эле Кытайга саясий өңүттөгү чабуул коюу менен коронавирус кырдаалына байланыштуу ойго келбеген чакырыктарды кайталашууда» деп билдирди.

Буга чейин Австралиянын Ички иштер министри Питер Даттон Кытай бийлигин жаңы коронавирустун келип чыгуусу тууралуу маалыматты ачыктоого, элдин эмне болуп жаткандыгын түшүнүүсү үчүн ачык-айкын болууга чакырган.

«Эмне үчүн акыркы күндөрү мырза Даттон капысынан эле COVID-19 вирусу боюнча Кытайдан «ачык-айкындуулукту» талап кылып калганды элди таң калтырууда…. АКШдагы кайсы бир кишилер ага вирустун келип чыгуусун далилдей турган документтердин бар экендигин айтышкан имиш.  Бирок, документти өз көзү менен көрбөптүр… Демек, ал Кытайга каршы саясий согушта кызматташуу боюнча АКШнын азгырыгына илинүүдө»-дейт элчиликтин өкүлү өз билдирүүсүндө.