Япониялык «Иомиури»  гезитинин билдирүүсү боюнча Түндүк Корея өткөн жылдын аягынан тартып өлкө лидери Ким Чен Ындын ордуна карындашы Ким Ё  Чжондун талапкердигин караштырып келатат. Буга өлкө башчысынын узак убакыттан бери ооруп келе жаткандыгы себеп болууда.

ММКлар жарыялаган маалыматтарга ылайык  Корея Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин 2019-жылдын аягында өткөн пленумунда, эгерде Ким Чен Ын  кокустан каза болуп кала турган болсо, бүтүндөй бийлик карындашы Ким Ё  Чжонго өтөөрү тууралуу чечим кабыл алынган.

Акыркы күндөрү Ким Чен Ындын эл алдына чыкпай калуусу жана ден соолугу тууралуу айтылып жаткан кептер лидердин катуу ооруп жаткандыгы, ал тургай өлүмү тууралуу имиш-имиштерди күчөтүп жиберген. Бирок, АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен үч жолу жолукканын, анда анын ден соолугу боюнча кандайдыр бир көйгөйлөрү бар экендигин байкабагандыгын жана болуп келе жаткан айың кептер азырынча эч ким тарабынан тастыктала электигин билдирген.