Бишкекте милиция кызматкерлери менен чырдашып, кыргызстандыктарды кемсинткен кыз үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык комендатурадан билдирди.

Маадыматка ылайык, кыздын бөгөт чарасын узартуу үчүн сотко алып келишкен, бирок Октябрь райондук соту аны үй камагына кое берген.

Эске салсак, 14-апрелде соцтармактарда өзгөчө абал маалында милиция кызматкерлери менен чырдашып кеткен кыздын видеосу чыккан. Анда жаш кыз беткапсыз, жанында тийиштүү документтери жок көчөдө жүргөн. Аны милиция кызматкерлери токтотуп, эскертүү берип баштаганда аларды оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Кийин анын өздүгү такталып, СИЗОго камакка алынган.

Булак: коом пресс