БК Компартиясынын биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдыгына карата уюштурган online-сынак 18-апрель күнү 18:00дө 150 ашуун оюнчулардын активдүү катышуусунда болуп өттүү.

Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Аскар Шайкидинов билдирди.

Катышуучулар Исхак Раззаков туурасында терең маалымат топтоп, ийгиликтүү оюн көргөзүштү. Активдүү катышып алдыңкы упай топтогон оюнчуларга сертификат тапшырылды.

Жогорку көрсөткүчтөгү упай топтоп 1,2,3 даражадагы дипломдор менен Турсунай Жаныбек кызы, Асанова Фарида,Шайлообай кызы Гулзар аттуу оюнчуларыбызга ыйгарылып, учурдун шартына байланыштуу пайдалуу багытта болуусун эске алып мобилдик телефондоруна бирдиктер (единица) белеке жүктөлгөн.

Юбилейге карата уюштурулган иш чаранын жамааты «Маалыматтык колдоо көрсөткөн мекендештерге жана Сайрагүл Дуулатова эжебизге, kadam-media.kg маалымат порталына терең ыраазычылык билдиребиз» — дешет.