Коом

Абактагы эки жарандан коронавирус аныкталдыбы? Коммендант жооп берет

Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайдагы эки жарандан коронавирус аныкталгандыгы тууралуу маалымат териштирилип жатканын аталган шаардын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

«Азыр бул маалыматты текшерип жатабыз. Убактылуу кармоочу жайдагы жарандар тиешелүү медициналык кароодон өтүп жатат. Эгерде бул маалымат такталса ал жерде кармалган жарандар жана иштеген кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт», — деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 612ге жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button